Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эрназар Акматалиев Түркиядагы мелдеште алтын медаль тагынды

Чечүүчү мелдеште ал монголиялык балбан Тулга Тумур-Очирындын далысын басып, жеңишке жетти

Эркин күрөш боюнча кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев (70 кг) Түркияда өтүп жаткан Yaşar Doğu&Vehbi Emre эл аралык мелдешинде алтын медаль утту.
Акматалиев таймашты 1/8 финалдан баштаган. Биринчи беттешинде ал дагы бир кыргызстандык балбан Алибек Осмонов менен кез келип, аны 7:6 эсебинде жеңди. Чейрек финалда тажикстандык спортчу Мустафо Ахмедовдун далысын жерге басып, жеңишке жетти.

Ал эми жарым финалда япониялык балбан Йошиносуке Аояги менен күч сынашып, аны 8:6 эсебинде утту.
Финалдык беттеште Акматалиев монголиялык балбан Тулга Тумур-Очирындын далысын басып, жеңишке жетти.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх