Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө

13-15-март күндөрү күн сууктайт

Кыргызстанда 13-14-март күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, республиканын дээрлик бардык аймагында кескин суук болуп, кар, катуу шамал жана жамгыр күтүлөт.


Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз -1...+4 градуска чейин жетет.

Талас облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз -3...+2.

Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн -3...+2, күндүз +4...+9.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз -3...+2.

Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15 градус суук болушу күтүлөт, күндүз -3...-8, республиканын тоолуу райондорунда -15ке чейин жетет.

Суусамыр өрөөнүндө -21ге чейин суук болушу күтүлүүдө.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх