Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Венада Кыргызстандын туристтик потенциалы көрсөтүлдү

Туризм роуд-шоусуна Кыргыз Республикасынын жана Австриянын туристтик компанияларынын жана дестинацияларынын жетекчилери катышты

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу туризм департаменти Кыргызстандын Австриядагы элчилигинин колдоосу менен Австриянын Вена шаарындагы Федералдык экономикалык палатасында кыргыз-австриялык туристтик роуд-шоу уюштуруп, өткөрдү.
Мекемеден билдиришкендей, роуд-шоунун жүрүшүндө Кыргызстандын туристтик потенциалы көрсөтүлдү – туристтик компаниялардын жана дестинациялардын жетекчилери өздөрүнүн уюмдарынын ишмердүүлүгү боюнча презентацияларды жасашты.
Австрия тарап өз кезегинде Австрияда туруктуу туристтик дестинацияларды өнүктүрүү жана бул өлкөдө туризмди өнүктүрүүнүн негизги багыттары тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Тараптар туризм тармагындагы биргелешкен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, келечектеги кызматташуу үчүн байланыштарды алмашышты жана бир катар роуд-шоунун катышуучулары ушул жылдын жаз айынын аягында Кыргызстанга келүү каалоолорун билдиришти.
Роудшоуга Кыргызстандын туристтик уюмдар ассоциациясынын президенти Салтанат Мидин кызы, туристтик компаниялардын, дестинациялардын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы туризм тармагындагы эл аралык долбоорлордун өкүлдөрү катышты.
Австрия тараптан иш-чарага Австриянын Федералдык Экономикалык палатасынын Борбордук Азия боюнча аймактык директору К.Штайнер, Австриянын Туристтик агенттиктер жана туроператорлор ассоциациясынын төрагасы Г.Каданка, Австриянын Улуттук туристтик бюросунун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Австриядагы ардактуу консулдары В.Брембергер жана К.Муттонен, ошондой эле Австриядагы туристтик компаниялардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышышты.


Туризм департаментинин сүрөттөрү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх