Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мүмкүнчүлүгү чектелген беш кыз жардамга муктаж

Жоогазындын ордуна кыздарга мүмкүнчүлүк бер

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген “Назик-Кыз” кыздардын коомдук бирикмесинин төрагасы Үкөй Мураталиева социалдык тармактардагы баракчасында мүмкүнчүлүгү чектелген кыздарга жардам берүү өтүнүчү менен жарандарга кайрылды.
«Ар бир аял көңүл бурууга жана колдоого татыктуу! Кээде сөз менен, кээде иш менен жана ошондой эле колдон келген каражаттар менен. Ооба, чындыгында, аялдарга сары жоогазындын букетин, шоколад же бриллиант белек кылуунун ордуна, мен кыздарга мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштаар элем. Тактап айтканда, мүмкүнчүлүгү чектелген 5 кыз азыр сиздердин жардамыңызга муктаж.
Баардыгы бизге 135 миң сом керек, анын 15 миң сому кыздын сынган бутун дарылоого жумшалса, калган 120 миң сом мүмкүнчүлүгү чектелген 4 кызга ижарага убактылуу үй алууга сарпталат», - деп жазды активист.


Үкөй Мураталиеванын банк эсебине акча которуп, кыздарга жардам берсеңиз болот:
Демир
UKEI KALMURATOVNA MURATALIEVA
DEMIKG22/ BIC 118003
1180000103703516 - KGS
1180000103703617 - USD
Мураталиева Укей
Оптима
4169 5853 4076 0429
0708 241549 О деньги

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх