Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин жаш тургуну 35 миң доллар алдамчылык менен кармалды

Ал издөөдө болчу

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип 24 жаштагы жигит кармалды.

Борбор калаанын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, 2023-жылдын 30-июлунда милицияга жаран арыз менен кайрылып, өткөн жылдын май айында уюлдук телефонду сатып алуу-сатуу шылтоосу менен ишенимине кирип, М. жараны 35 миң долларды ээлеп, андан соң убадасын аткарбай, акчасын уурдап, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.
Алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген.
Жакында эле Бишкек шаарынан 24 жаштагы Т.М. жараны кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого тиешеси бар экени аныкталууда.