Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусияда ата-энесинин камкордугусуз калган үч бала Бишкекке алынып келинди

Алар Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөрдүн убактылуу кармоочу жайында болушкан.

Орусияда кароосуз калган үч жашы жете элек кыргызстандык Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлиги билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, Ноокат районунда төрөлгөн балдар Россиянын Ички иштер министрлигинин Новосибирск облусу боюнча башкы башкармалыгынын жашы жете элек кылмышкерлерди убактылуу кармоочу жайында кармалып турган.

«Кайтарылып келген жашы жете элек өспүрүмдөр менен үй-бүлөдө жашоо шарттарын жана тарбиясын түзүү боюнча иш жүргүзүлүп, башка мамлекеттин аймагында жүрүү себептери такталды. Алдын алуу жана тарбиялоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин балдар мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилет», - деп билдирди ИИМ.

 

 Сүрөт ИИМ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх