Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Тоң Манжылы Сервис» ЖЧКсынын башкы директору кармалды – УКМК

Ал айыл чарба техникаларын сатып алуу боюнча тендерди өткөрүүдө мыйзам бузуулар боюнча ишке аралашкан

«Тоң Манжылы Сервис» ЖЧКсынын башкы директору кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан атайын айыл чарба техникаларын сатып алуу боюнча тендер өткөрүүдө мыйзам бузуу фактылары боюнча кылмыш ишин иликтөө уланууда.

Мурда белгилүү болгондой, 2023-жылдын 5-декабрында Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Ш. УКМКнын кызматкерине айыл чарба техникаларын сатып алуунун жагдайын текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалган.

Ошентип, 2024-жылдын 1-мартында бул кылмышка катыштыгы бар деген шек менен «Тоң Манжылы Сервис» ЖЧКсынын башкы директору, Кыргыз Республикасынын жараны И.М.С да кармалып, Караколдун №23 СИЗОго киргизилген.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх