Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаадагы №67 мектептин окуучусунан кургак учук оорусу табылган

Мектеп окуучулары эки күн онлайн режиминде билим алышты

Бишкектеги №67 мектеп-гимназиясында окуучу кургак учук менен ооруганы аныкталды. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарда пайда болду.

Редакция бул маалыматты тастыктады. Алардын айтымында, 7-март күнү мектепке окуучудан кургак учук аныкталгандыгы боюнча санитардык корутунду келип түшкөн. Бул класстагы окуучулардын ата-энелери менен жергиликтүү медициналык кызматкердин катышуусунда чогулуш өткөрүлдү.

«Мектептин экинчи сменасы 11-12-март күндөрү эки күндүк онлайн окутууга өттү. Ошол эле убакытта ал жерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Оорулуу адам менен байланышта болгон окуучулардын жана мектеп мугалимдеринин рентгенге түшүүсүн мектеп жетекчилиги көзөмөлгө алды», - деп билдиришти муниципалитеттен.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх