Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын мектептеринде смартфондорго тыюу салынышы мүмкүн

Президент бул маселени Билим берүү министрлигине кароого тапшырды

Кыргызстандын мектептеринде смартфондорго тыюу салынышы мүмкүн. Бул маселени президент Садыр Жапаров мектепке чейинки жана мектеп билим берүүсүн өнүктүрүүгө арналган жыйында көтөрдү.

Мектептерди санариптештирүү процессин тездетүү жана окуу процессине заманбап технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген мамлекет башчысы мектептерде уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салуу боюнча эл аралык практикага көңүл бурууну тапшырды. Мектеп окуучуларын окуу процессинен алаксытып жаткан уюлдук телефондордун пайдасы менен зыянын коомчулукта кеңири талкуулоого чакырды.

Садыр Жапаров мектеп окуучуларынын уюлдук телефон колдонуусу окуу процессине терс таасирин тийгизип жатканына КР Билим берүү жана илим министрлигине көңүл буруп, окуучулардын ата-энелери менен биргеликте туура чечим кабыл алышы керектигин белгиледи.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх