Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Пакистанда Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Консулдук Лахор шаарында жайгашкан

10-мартта Пакистандын Лахор шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү, деп билдирди КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

 Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Уланбек Тотуяев К.Ю. Мехерди Кыргызстандын Лахор шаарындагы ардактуу консулу кызматына расмий дайындалышы жана кеңсесинин ачылышы менен куттуктады. Ал белгилегендей, Ардактуу консулдуктун ачылышы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүндөгү маанилүү окуя болуп саналат, ал эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын деңгээлин жогорулатууга чоң салым кошуп, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого жардам берет.

 Өз кезегинде ардактуу консул К.Ю. Мехер ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, инвестиция тартуу, туризмди жана маданий алмашууну өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын баса белгиледи.

 

 Сүрөт Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх