Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-казак чек арасында 500дөн ашык жүк ташуучу унаа топтолуп калды

Чек ара кызматы себептерин атады

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги «Ак-Тилек-автодорожный» жана «Чалдыбар-автодорожный» өткөрүү пункттарында жүк ташуучу унаалардын тыгыны байкалууда. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, бул жүк ташуунун сезондук көбөйүшүнө байланыштуу. Белгиленгендей, өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.

Ошентип, 14-март күнү саат 12.30да 430 жүк ташуучу унаа Кыргызстандан чыгып кетүү үчүн «Ак-Тилек-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдында чек арадан өтүү үчүн кезекте турган. Акыркы суткада Кыргызстандан Казакстанга өткөрүү пункту аркылуу 342 унаа чыкты.

"Чалдыбар-автодорожный" өткөрмө бекетинин алдынан Кыргызстандан Казакстанга бараткан 90 жүк ташуучу унаа катталды.

Чек ара кызматы тез бузулуучу азык-түлүктөрдү жана жаныбарларды ташыган жүк ташуучу унаалар өткөрүү пункттарынан кезексиз өтүп жатканын эскертти.

«Белгилей кетүүчү нерсе, КР УКМКнын Чек ара кызматынан да, Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынан да жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө эч кандай чектөөлөр жок», - деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх