Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет экс-айыл чарба министри Эркинбек Чодуевди кармады

Ал кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектелүүдө

КР мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев кармалганын УКМК билдирди.

 Башкармалыктын маалыматы боюнча, Чодуевдин коррупциялык жана алдамчылык иштери тууралуу маалымат түшкөн.

 «КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, экс-министр Э.Ч. «Лиматекс пахта корпорациясы» ЖЧКсынын директору болуп туруп мыйзамсыз менчиктештирүү жолу менен компаниянын Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан жалпы аянты 50 гектардан ашык жер тилкелери жеке жактарга сатылып кеткен», - деп айтылат маалыматта.

 Алдын ала келтирилген чыгым 500 миллион сомго бааланган.

 Эркинбек Чодуев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

 

 

Учурда бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдардын бетин ачуу жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат, деп кошумчалады УКМК.

 Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх