Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиев камактан бошотулду

Мындай чечимди борбор калаанын Биринчи Май райондук соту чыгарды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулду. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Тергөөчү баш коргоо чарасын камакка алуу менен байланышпаган чарага өзгөртүүнү өтүнгөн. Сот өтүнүчтү канааттандырып, Бакчиевди камактан бошотту.

Эске сала кетсек, Жаныбек Бакчиев былтыр октябрда 282-берене (Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ал СИЗОго киргизилген.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх