Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Равшан Жээнбековдун «Эдельвейс тур» эс алуу аймагы мамлекетке кайтарылды

Имараттары бар жер тилкесинин баасы 16,8 млн сомду түзөт

Саясатчы Равшан Жеенбековго таандык 4 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын УКМК билдирди.

«Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Талас шаарындагы Киров суу сактагычынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 4 гектарды түзгөн «Эдельвейс тур» эс алуу аймагы областька, ыктыярдуу негизде мамлекетке кайтарылган. Баалоо экспертизасынын корутундусуна ылайык, жеңил конструкциядагы административдик имараттары бар жер тилкесинин баасы 16 миллион 871 миң сомду түздү», — деп айтылат маалыматта.

Аталган жер тилкеси 2000-жылдары КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси болуп турган Равшан Жеенбековго тиешелүү адамдарга мыйзамсыз берилгени аныкталган.

 

 

 

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх