Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мечиттердин айланасында автоунаалардын жүрүшү жөнгө салынат

Мындай иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында тыгындар көп болгон мечиттердин жанында жүргүзүлүүдө

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери жана сакчылар мечиттердин айланасында автоунаалардын жүрүшүн жөнгө салат

Жума намазда МАИ кызматкерлери мечиттердин айланасында жол коопсуздугун камсыздайт. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди. Орозо айында жума жана шам намаздары – таравих учурунда жумушчулар жол боюнда жайгашкан мечиттердин айланасындагы кыймылды жөнгө салат. Максаты – орозо учурунда жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Иш-чарага элдик сакчылар, ошондой эле ыктыярчылар катышат. Мындай иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында тыгындар көп болгон мечиттердин жанында жүргүзүлүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы айдоочуларды унааларын уруксат берилбеген жерге токтотпоого, башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратпоого жана мечиттердин айланасында жашаган тургундарга ыңгайсыздык жаратпоого чакырат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх