Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги жаңы стадион кандай болот - эскиздер

Стадион 45 миң орундуу жана кыргыз боз үйүн элестетет

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Бишкектеги 45 миң орундуу жаңы стадиондун эскиздерин жарыялады.

Анын айтымында, долбоор чет элдик белгилүү компаниялар менен биргеликте иштелип чыгып, улуттук баалуулуктарыбызга ылайыкташтырылган. Жаңы стадион кыргыз боз үйүн элестетет.

«Заманбап талаптарга ылайык, стадиондо бардык шарттар ойлонулган: дүкөндөр, эс алуу жана унаа токтотуучу жайлар. Жакынкы күндөрү курулуш иштерин баштайбыз деп ишенем»,-деп жазды Түмөнбаев.

Ал ошондой эле стадиондун курулушун КР Футбол федерациясынын президенти, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын кошумчалады.

  

 

Сүрөт Каныбек Туманбаевдин баракчасынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх