Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттик аппарат Кыргызстандыктарга шылуундар тууралуу эскертет

«Мындай учурларда дароо укук коргоо органдарына кайрылыңыз»

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өлкө башчынын администрациясынын атынан иш-чараларга элди чакырып, катышуу үчүн акча которууну суранган шылуундар тууралуу жарандарга эскертти.

«Айрым маданият ишмерлери мамлекеттик органдардын иш-чараларына чакырылып, ар кандай шылтоолор менен чоочундарга акча которууну талап кылып жатканын айтышат. Буга байланыштуу биз дагы бир жолу коомчулукка кайрылууну чечтик. Эгер кимдир-бирөө президенттик администрациянын же мамлекеттик органдардын атынан кандайдыр бир иш-чарага чакырып, анан ал үчүн акча сураса, алар шылуун экенин билиңиз. Мамлекеттик кызматкерлер Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же башка кызмат адамдарынын атынан майрамдык иш-чараларга, сыйлыктарды тапшырууга катышуу үчүн эч качан акча чогултушпайт.

Эгер чоочун адамдар сиз менен байланышып, мамлекеттик кызматкерлерге ыраазычылык иретинде акча чогултуу тууралуу кабарлашса, дароо укук коргоо органдарына кайрылыңыз. Телефон аркылуу же социалдык тармактар аркылуу кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттерди жасаган алдамчыларга тиешелүү жоопкерчилик каралган», — деп жазды Алагөзов социалдык түйүндөрдө.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх