Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тууганыңыз кырсыкка кабылып, акча керек болуп калды. Дагы үч телефон алдамчы кармалды

Соттун чечими менен алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Бишкекте телефон аркылуу алдамчылардын эл аралык кылмыштуу тобунун дагы үч мүчөсү кармалды, деп билдирди КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Мекемеден билдиришкендей, 16-17-февраль күндөрү шылуундар алдоо боюнча ондон ашык улгайган жарандарды алдоого жетишкен. Алар пенсионерлерге телефон аркылуу өздөрүнүн тууганы деп тааныштырып чалып, кырсыкка кабылганын билдиришип, чабармандар аркылуу акча которууну суранышкан. Алар алдамчылык жолу менен жарым миллион сомдон ашык акчаны ээлеп алууга жетишкен.

Буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, анын ичинде коңшу чет мамлекеттердин жарандары аныкталып, кармалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан дагы үчөө кармалды: 22 жаштагы А.Э., 20 жаштагы Э.Г. жана 20 жаштагы А.М. Соттун чечими менен алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Учурда башка шериктери аныкталууда.

Фото: Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх