Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров GPT чат иштеп чыгуучу компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

«Биз мамлекеттик башкарууну реформалоодо жасалма интеллектти колдонууга даярбыз»

Акылбек Жапаров Open AI компаниясынын вице-президенти Арка Дар менен жолугушту, деп билдирди министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, өкмөт жасалма интеллектти өнүктүрүү менен алектенген кыргызстандык стартаптарды катуу колдойт. Ал кыргыз тилин таануу жана тилди мындан ары өнүктүрүү үчүн жасалма интеллект даярдоо максатында өткөн жылы суперкомпьютер алынганы тууралуу айтып берди.

«Премьер-министр катары мен кыргыз тили санариптик дүйнөдө анчалык кеңири тарала электигине тынчсызданам. Санариптештирилбеген тилдер жазма тили жок тилдер сыяктуу тагдырга туш болот, алар жок болот деп ишенем. Биз үчүн кыргыз тилин сактап калуу жана өнүктүрүү улуттук эгемендүүлүк маселеси», - деди ал.

 

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин Open AI менен узак мөөнөттүү кызматташууга даярдыгын баса белгиледи.

«Биз сиздин компанияңыздын инновациялык технологияларын пилоттук сыноо өткөрүү үчүн аянтча катары иштөөгө даярбыз. Биз азыр мамлекетти санариптештирүү жаатында чечкиндүү кадамдарды жасап жатабыз жана мамлекеттик башкарууну реформалоодо жасалма интеллектти колдонууга даярбыз», - деди ал.

 

Open AI компаниясынын вице-президенти Arka Dar, өз кезегинде, мындан аркы кызматташууга жана жасалма интеллектти колдонуу менен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча тажрыйба алмашууга даяр экенин билдирди.

«Кыргызстандын өкмөтү жасалма интеллектти колдонуу менен долбоорлорду иштеп чыгууга абдан кызыкдар экендиги кубандырат. Биздин команда жемиштүү кызматташууга даяр», - деди ал.

Сүрөт министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх