Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нооруз майрамы. Бишкектин борбору 5 күнгө жабыла турганын мэрия билдирди

Жарандарга буга түшүнүү менен мамиле кылуусун суранабыз

Бишкектин Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамын белгилөөгө байланыштуу 18-мартта саат 22.00дөн 23-марттын 00.00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты

Мындан тышкары, төмөнкү көчөлөр бөгөттөлөт:

- Раззаков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
- Орозбеков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

«Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жол кыймылынын катышуучулары бул аргасыз чаранын киргизилишин түшүнөт деп үмүттөнөт», — деп билдирди муниципалитет.

Эскерте кетсек, буга чейин 20-21-март күндөрү Бишкектин көчөлөрү жабыла тургандыгы тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгы маалымат берген.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх