Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Нооруз майрамынын урматына үч күндүк салтанат өтөт

Мэрия майрамдык программа даярдады

Бишкекте 20-марттан 22-мартка чейин Нооруз майрамына карата масштабдуу майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт, деп билдирди борбор калаанын мэриясы.

Ала-Тоонун борбордук аянты улуттук стилде жасалгаланган. Бул күндөрү көргөзмөлөр, мастер-класстар, спорттук оюндар уюштурулуп, улуттук тамак-аштардын фудкорту ачылат.

20-март

- саат 13.00дө аянтта улуттук спорт оюндары башталат;
- Саат 14.00дөн 22.00гө чейин шаардыктарды концерттик программа күтөт.

21 март

- саат 09.00дө Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чара болот;
— 12.15тен 22.00ге чейин — орус эстрадасынын жылдыздарынын катышуусу менен концерттик программа.

22-март

- улуттук спорт оюндары 10.00дө башталат;
— 14.00ден 22.00ге чейин — концерттик программа.

Эске сала кетсек, Бишкектин борборунда Нооруз майрамын белгилөөгө байланыштуу 18-мартта саат 22.00дөн 23-март күнү саат 00.00гө чейин айрым көчөлөр жабылат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх