Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте бир жумада Патрулдук милиция кызматкерлери 458 жөө жүргүнчүгө айып пул салды

Борбор калаада «Жөө жүргүнчү» рейди өтүүдө

Бишкекте патрулдук милиция кызматкерлери бир жума ичинде жүргүзгөн рейд учурунда 458 жөө жүргүнчүгө айып пул салды.

Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция кызматынын маалыматына караганда, «Жөө жүргүнчү» рейди жөө жүргүнчүлөр тарабынан Жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларын аныктоо жана аларга бөгөт коюуга багытталган.

Ошондой эле эреже бузгандар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден светофордун уруксааты менен өтүү керектигин эскертишет. Эгерде жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол жөнгө салынбаган болсо, анда жолдун бөлүгүн кесип өтүүдөн мурун, сиз өзүңүздүн өтүүңүздүн коопсуз экенине ынанышыңыз керек.

Рейддин жүрүшүндө Патрулдук милиция кызматкерлери айдоочуларга катаал аба ырайында жана түнкүсүн жөө жүргүнчүлөргө этият болуу жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөккө чейин алдын ала ылдамдыкты азайтуу керектигин эскертишти.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх