Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Энергетика министрлиги электр энергиясынын баасы канчага көтөрүлөрүн билдирди

Калк үчүн тарифтер белгиленген мөөнөттөн бир ай мурда кайра каралат

Электр энергиясына тариф 10,8 тыйынга кымбаттайт. Бул тууралуу КР Энергетика министрлиги билдирди.

Мекеме түшүндүргөндөй, буга өткөн жылга салыштырмалуу инфляция таасир эткен (10,8%).

Буга чейин өкмөт калк үчүн электр энергиясына болгон тарифтерди пландалгандан бир ай эрте — май айында кайра карап чыгууну каалап жатканы белгилүү болгон.

«Энергетика тармагындагы накталай акча тартыштыгын жабууга кошумча каражаттарды алуу үчүн долбоор электр энергиясына тарифтерди тактоо мөөнөтүн 2024-жылдын 1-июнунан 2024-жылдын 1-майына жылдырууну сунуштайт», — деп айтылат министрлер кабинетинин токтомунун долбоорунда.

Ошентип, 1-майдан тарта калк үчүн бир киловатт-саат 1,11 сомго бааланат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх