Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Электр энергиясына тарифтерди көтөрүүнү май айында караганы жатышат

Буга чейин июнь айында тарифтерди көтөрүүнү кароо пландалган

Май айында министрлер кабинети электр энергиясына тарифтерди кайра карап чыгуу пландоодо. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, бул токтом долбоорунун максаты жана милдети электр энергиясын керектөөчүлгө ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо, ошондой эле электр менен жабдуучу уюмдардын чыгымдарынын ордун толтурууну камсыз кылуу болуп саналат.

«Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы №192 токтому менен 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты бекитилген. Көрсөтүлгөн тарифтик саясатта 2025-жылга чейин бардык керектөөчүлөрдүн топтору үчүн инфляцияны жыл сайын корректировкалоо менен тарифтерди белгилөө каралган. Белгилей кетсек, 2024-жылдын 1-июнунан тартып буга ылайык тарифтерди өзгөртүү каралган.

Энергетика тармагындагы накталай акча тартыштыгын жабууга кошумча каражаттарды алуу үчүн долбоор электр энергиясына тарифтерди тактоо мөөнөтүн 2024-жылдын 1-июнунан 2024-жылдын 1-майына жылдырууну сунуштайт», — деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх