Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда кылмыш иштери боюнча бөгөт коюу чарасын тандоого мамилени кайра карап чыгуу зарыл

Акыркы бир жылда соттор 6 миң иш боюнча камакка алуу, ал эми 36 жолу гана өлкөдөн чыкпоо милдеттенме жөнүндө чечим чыгарган

Кыргызстанда кылмыш иштери боюнча баш коргоо чарасын тандоо ыкмасын кайра карап чыгуу зарыл, деп билдирди КР Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору.

Мекеме белгилегендей, бул чараны тандоо үчүн белгилүү бир жагдайлар зарыл болгонуна карабастан. бүгүнкү күндө иштердин басымдуу көпчүлүгүндө соттор жана тергөө органдары шектүүлөрдү тергөө учурунда камакка алышат. Көпчүлүк учурларда, аны анча оор эмес нерсе менен алмаштырууга болот.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында камакка алуудан башка бөгөт коюу чараларынын бир нече түрлөрү каралган: өлкөдөн чыкпоо милдеттенмеси , күрөөгө коюу, үй камагына алуу.

Ал эми, Жогорку Соттун маалыматы боюнча, 2023-жылы сот органдары тарабынан камакка алуу боюнча 7 миңден ашуун өтүнүч каралып, 6 миңден ашуун иш боюнча бул чара канааттандырылган. Ошол эле учурда сот 36 иш боюнча гана «өлкөдөн чыкпоо милдеттенме» чарасын, 492 иш боюнча үй камагын бекиткен.

«Камакка алуу эң катаал алдын алуу чарасы жана өзгөчө учурларда жүргүзүлүшү керек», - деп айтылат Улуттук борбордон.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх