Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев ФИФА өкүлдөрү менен жолугушту

Тараптар Кыргызстанда футболду өнүктүрүү боюнча пландарды талкуулашты

Бүгүн Кыргызстандын футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) өкүлдөрү менен – аймактык техникалык директор Гайоз Дарсазде жана эффективдүүлүктү жогорулатуу боюнча адис Ричард Аллен менен жолугушту.

 

Тараптар Кыргызстанда футболду өнүктүрүү боюнча пландарды талкуулашты. Коноктор ФИФАнын спорттун бул түрүн дүйнөлүк өнүктүрүү боюнча максаттары менен тааныштырып, бул жагынан Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Атап айтканда, Ричард Аллен таланттарды аныктоо системасын жакшыртуу үчүн варианттарды сунуштады.

 

 

КФСнин президенти инфраструктураны жакшыртуу жана клубдарды, академияларды жана улуттук командаларды өнүктүрүү пландары менен бөлүшүп, ФИФАга ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Гайоз Дарсазде таланттарды өнүктүрүү долбоорунун (FIFA Talent Development Scheme) маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул долбоорду Кыргызстанда дагы улантуу зарылдыгына токтолду.

Фото КФС басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх