Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Нур Имарат Курулуш» курулуш компаниясына 53 миң сом айып салынды

Муниципалдык инспекция ишкананын объектилеринин бирин текшерип, мыйзам бузууларды аныктаган

Бишкекте борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузган «Нур Имарат Курулуш» курулуш компаниясына айып салынганын Бишкек мэриясы билдирди.

Анын айтымында, 16-мартта муниципалдык инспекция Ахунбаева, 223, 225 дарегине барып инспекторлор эки мыйзам бузууну аныкташты: тегерек-четте тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабоо жана курулуш жүрүп жаткан жерден жолдун булганышына жол бербөөнү камсыздабоо боюнча чараларды көрбөгөндүгү.

 

«Нур Имарат Курулуш» курулуш компаниясына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 1-бөлүгүнүн 114-беренеси жана 2-бөлүгүнүн 177-беренеси боюнча эки протокол түзүлдү. Жалпысынан 53 миң сом айып салынган.

Маалым болгондой, түшүндүрүү иштеринен кийин компаниянын кызматкерлери айлананы таштандыдан жана топурактан тазалашкан.

Сүрөт мэриянын басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх