Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Сокулуктагы мобилдик клиниканы кандай иштеп жатканын күтүүсүз текшерди - фото

Ал жердеги комплекс үч ай иштеп, андан кийин Нарын облусуна жөнөйт

Садыр Жапаров бүгүн Чүй облусунун Сокулук районундагы көчмө мультидиагностикалык комплекстин иши менен пландан тышкары таанышты.

Мобилдик клиникада бейтаптар акысыз текшерүүдөн өтүп, кенен спектрдеги медициналык текшерүүлөрдөн жана ар кандай оорулардын диагностикасынан өтө алышат.

Садыр Жапаров клиниканы кыдырып, дарыгерлердин кароосунан өтүүгө келген жергиликтүү тургундар менен баарлашты. Ал быйыл анын тапшырмасы менен өлкө бюджетинин эсебинен бөйрөк алмаштыруу операцияларын жасай баштаганын эске салды. Ар бир операцияга 7 миң доллар бөлүнөт. Кийинки кадам муктаж болгон бейтаптарга боор, жүрөк жана жилик чучугун алмаштыруу болуп саналат.

Жарандардын кайрылууларын уккан президент көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Тургундар көчмө комплекстин уюштурулушуна жана медициналык тейлөөнү жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге ыраазычылыктарын билдиришти.

Көп диагностикалык комплекс Сокулук районунда үч ай иштеп, андан соң Нарын облусуна жөнөйт. Буга чейин республиканын түштүк аймактарынын жашоочулары мобилдик клиникада текшерилип келишкен.

Маалымат үчүн: Долбоор беш жылга эсептелген. Бул учурда Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан дары-дармектер, жабдуулар, күйүүчү-майлоочу майлар, медицина кызматкерлерине айлык берилет. Мобилдик клиникада дарыгерлердин кабинеттери, текшерүү лабораториясы, компьютердик томограф жана маммограф, операциялык блок, рентген аппараты, гастроскоп, көчмө скрининг борбору жана башкаруу борбору бар. Ташуу үчүн кичи автобустар, анын ичинде тез жардам унаасы да бар.

 

 

 

Сүрөт президенттин басма сөз кызматынан

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх