Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Белгилүү спорттук баяндамачы Василий Уткин каза болду

Ал 52 жашта болчу

Белгилүү спорттук баямандачы Василий Уткин каза болду. Бул тууралуу  Уткин ээлик кылган«Эгриси» медиа футбол клубунун басма сөз кызматы билдирди.

Василий Уткин 1994-жылдан бери Орусиянын НТВ каналында иштеп, анда «Футбол клубу» программасын алып барган. 2015-жылга чейин футболдук беттештерге комментарий берип келген. 2004 жана 2005-жылдары «Мыкты спорт комментатору» номинациясында ТЭФИ сыйлыгын жеңип алган.

2010-2015-жылдары НТВ-Плюс спорт каналдарынын башкы редактору кызматын аркалаган. 1996-жылдан бери Атлантадагы (1996), Наганодо (1998), Афиныда (2004), Туринде (2006), Пекинде (2008), Лондондо (2012) өткөн оюндарга барып, бир катар Олимпиадаларда иштеген. Уткин Чемпиондор Лигасынын төрт финалына, ошондой эле 2000 жана 2008-жылкы Европа чемпиондугун кошкондо бир катар Дүйнө жана Европа чемпионаттарынын оюндарына комментарий берип келген.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх