Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кемин районунда жаңы стела пайда болот - фото

Стеланы жаңылоого каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн

Кыргызстандын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев Кемин районундагы жаңы стеланын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Стела Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолунда орнотулуп, Чүй облусунун Кемин району менен Ысык-Көл облусунун Тоң районунун чек арасынын символу болуп саналат.

 

Стела алгач совет доорунда курулган, бирок убакыттын өтүшү менен ал урап, айланадагы жаратылыштын эстетикалык көрүнүшүн бузуп баштаган. Ошондуктан конструкцияны бузуп, жаңы стела тургузуу чечими кабыл алынган. Стеланы жаңылоого каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү курулуштун жүрүшүн, колдонулган материалдардын сапатын текшерип, ишти тез арада бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх