Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды жүйөлүү себеп болбосо Орусияга барбоого чакырды

Ал эми буга чейин Орусияда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына эл көп чогулган жерлерге барбоо сунушталат

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды зарыл болбосо Орусияга барбоого чакырды.

Ошентип, 22-мартта Крокус Сити Холлдун концерттик залында көптөгөн адамдардын өлүмүнө жана жаралануусуна алып келген терактка, ошондой эле Россиянын бардык аймагында күчөтүлгөн коопсуздук чаралары жана антитеррордук коргоо чараларына байланыштуу, Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү сунуштайт:

- Россияга барууга жүйөлүү себептери жок жарандар кошумча коопсуздук чаралары жана мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүгө күчөтүлгөн көзөмөл режими алынып салынганга чейин анын аймагына баруудан убактылуу карманууга тийиш;

- саякатка чыгууну пландаштырган жарандар Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин сайтынан (mvd.ru) Россия Федерациясына кирүү боюнча чектөөлөрдү алдын ала текшериши керек;

- Россия Федерациясынын аймагында мурда болгон учурунда эки же андан көп администрациялык укук бузуулар жасаган жарандар мамлекеттик чек арадан өткөрүүгө тыюу салуудан жана бул жол-жобо менен байланышкан кесепеттерден качуу үчүн анын аймагына баруудан баш тартууга;

- Россиянын аймагында жүргөн жарандар эл көп чогулган жерлерге баруудан баш тартууга, ошондой эле Россиянын аймагында алардын инсандыгын жана мыйзамдуулугун тастыктаган документтерди дайыма өздөрү менен алып жүрүүгө тийиш;

- коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз ишинин алкагында Россия Федерациясынын укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга.

Жарандар шашылыш суроолор боюнча Москвадагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин ишеним телефонуна +7 925 115 50 47, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармалыгына +996 999 312 002 телефондору аркылуу кайрылуулары керек. .

Эске сала кетсек, 22-март күнү кечинде Москва районундагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында террористтер атыш башташкан. Бул убакта ал жерден «Пикник» тобунун концерти башталышы керек эле. Кол салгандар адамдарды сыртка чыгышына жол бербөө үчүн аларды автоматтар менен атып, чыгуучу жерлерди өрттөшкөн.
Теракттын кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 137 адам каза болуп, анын үчөө бала, 180ден ашууну жарадар болгон.
ФСБнын маалыматы боюнча, 11 шектүү, анын ичинде терактка түздөн-түз тиешеси бар төрт адам кармалган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кармалгандар Тажикстандын жарандары.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх