Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Сот Транспорт департаментинин экс-директору Улан Уезбаевди күнөөлүү деп тапты

Ал алдамчылык боюнча айыпталган

Жогорку Сот Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин мурдагы директору Улан Уезбаевди күнөөлүү деп тапты.

Ал алдамчылык боюнча айыпталган.

Эске сала кетсек, Улан Уезбаев 2021-жылы декабрда кармалган. Ал Транспорт жана коммуникация министринин орун басары болуп турганда 45 миң доллар пара алган деп айыпталган. 2023-жылдын июль айында Биринчи Май соту Уезбаевдин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан аны актаган.

Бирок, 1-декабрда Бишкек шаардык соту бул өкүмдү жокко чыгарып, Уезбаевди Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүндө (алдамчылык) (2017-жылдын 2-февралындагы редакциясында) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, бирок эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жазык жоопкерчилигине тарткан эмес. Уезбаев жабырлануучуга келтирилген 2 миллион 655 миң сом материалдык зыяндын ордун толтуруп берген.

Эске сала кетсек, Уезбаев Транспорт департаментинин директору болуп 2023-жылдын ноябрында дайындалып, 2024-жылдын 17-январында кызматынан алынган. Андан соң мэрия дайындалган күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту Уезбаевди жеке кылмыш иши боюнча актаганын белгилеген.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх