Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Азим Ройдун жубайын издөөгө салды

Ага кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча сыртынан айып коюлду

Мыйзамдагы ууру К.Асанбек жана криминалдык элемент Азим Рой тарабынан кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу/адалдоо фактысы аныкталды.

Мекеме белгилегендей, К.Асанбек менен Азим Рой “L.А.” жана “R” ЖЧКсын негиздеп, Бишкек шаарынан жер тилке каттатып, ага кеңселери жана кампалары бар коммерциялык имарат курушкан. Ошол эле учурда К.Асанбек жана Азим Рой өздөрүнүн иш жүзүндөгү ээликтерин жашыруу максатында аталган ишканалардын акцияларын жакын туугандарынын атына, анын ичинде Азим Ройдун жубайы – Н.З.Х.га катташкан.

Мындан тышкары, сатып алуу булактарынын мыйзамдуулугун берүү үчүн уюштуруу курамына чет өлкөлүк инвестор деген ат менен Азим Ройдун аффилирленген адамы, Литва Республикасынын жараны К.Г. киргизилген.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө башка уюштуруучулар аталган кыймылсыз мүлк Азим Рой менен К.Асанбекке таандык экендигин тастыкташты.

2024-жылдын 20-мартында кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу/адалдоо фактысы боюнча Азим Ройдун жубайы Н.З.Х.га (сыртынан) айып тагылып издөөгө алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх