Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимов камактан бошотулду

Буга чейин ал мамлекетке 15 миллион доллар компенсация төлөп берген

«Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимов камактан бошотулду. Мындай чечимди борбор калаанын Октябрь райондук соту чыгарды.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, УКМКнын Тергөө комитетинин ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды. Салимовго карата камакка алуу түрүндөгү тандалган баш коргоо чарасы эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу жүзүндөгү тил катка өзгөртүлдү.

Айрым маалыматтарга караганда, Турсунтай Салимов мамлекетке 15 миллион доллар зыян келтирген.

Эскерте кетсек, ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси («Уюшкан топ түзүү же ага катышуу») менен кармалган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх