Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңы жылдан кийин 1-класстын окуучулары түз эле экинчи класска өтүшү мүмкүн.

Быйылкы окуу жылында 12 жылдык билим берүүгө өтүү башталат

Жаңы жылдан кийин 1-класстын окуучуларын түз эле экинчи класска өткөрсө болот. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин башчысы Догдуркүл Кендирбаева бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 12 жылдык билим берүүгө өтүү этап менен жүрүп, быйылкы окуу жылында башталат.

"Балдарга ашыкча жүк болбошу үчүн бул системаны акырындык менен киргизебиз. Бул боюнча биз көп жылдардан бери иштеп келе жатабыз. Бул бир нече жылдан бери пландалып келген. Билим берүү системасын трансформациялоо мектептик билим берүүнүн мазмунун жаңылоого, анын структурасын өркүндөтүүгө, атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды даярдоого, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоого багытталган" - деди министр.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх