Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМ: Алишер Касимов Кыргызстандын жараны эмес

Ал 2014-жылы Кыргызстандын жарандыгынан чыккан

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Крокус Сити Холлдогу терактка байланыштуу камакка алынган Алишер Касимов КР жараны эмес экенин билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, Касимов 2014-жылы президенттин жарлыгына ылайык Кыргызстандын жарандыгынан чыккан.

«Ушуга байланыштуу бул жарандын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери Россиянын аймагындагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана консулдук мекемелеринин компетенциясына кирбейт», - деп белгилейт министрлик.

Бүгүн Крокус Сити Холлдогу теракт боюнча козголгон кылмыш ишинин сегизинчи соттолуучусу Кыргызстандын 32 жаштагы тургуну Алишер Касимов экени белгилүү болду. Ал террористтерге батирди ижарага берген. Соттун чечими менен Касимов эки айга СИЗОго камалды.

Алишер Касимов өзү террорчулар менен байланышын четке кагууда.

Эске сала кетсек, 22-март күнү кечинде Москва районундагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында террористтер атыш башташкан. Бул убакта ал жерден «Пикник» тобунун концерти башталышы керек эле. Кол салгандар адамдарды сыртка чыгышына жол бербөө үчүн аларды автоматтар менен атып, чыгуучу жерлерди өрттөшкөн.
Теракттын кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 139 адам каза болуп, анын үчөө бала, 180 ден ашууну жарадар болгон.
ФСБнын маалыматы боюнча, 11 шектүү, анын ичинде терактка түздөн-түз тиешеси бар төрт адам кармалган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кармалгандар Тажикстандын жарандары.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх