Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кытайлык инвесторлор Жалал-Абадда заманбап чоң базар курат

Ал Телтору ипподромунун ордунда жайгашат

Кытайлык инвесторлор Жалал-Абадда заманбап чоң базар курушат.

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн алынган маалыматка караганда, бир күн мурун облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев жана шаар мэри Эрнисбек Ормоков базардын соодагерлери менен жолугушуу өткөрүштү.

Курманбек көчөсүндөгү муниципалдык базар инвесторлорго берилери айтылды. Ошондой эле бардык базарларды бир жерге көчүрүү боюнча долбоор даярдалып жатат.

Телтору ипподромунун ордуна жалпы аянты 22 гектарды түзгөн заманбап чоң базар курулуп, ипподром жаңы жерге көчүрүлөт.

 

 

 

 

Аймактык элчиликтин сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх