Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кеткен 1,5 миллион доллар кайтарылды - УКМК

«Белгилген сумма долбоорго толугу менен кайтарылды»

Каракол шаарындагы тазалоочу жайларды курууга АӨБ тарабынан мурда бөлүнгөн жана өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен 1 миллион 498 миң АКШ доллары мамлекетке кайтарылганын УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, мурда чет элдик банкка которулган 1 миллион 498,2 миң долларды (КР Улуттук банкынын курсу боюнча 134 миллион 103 миң 882 сом) кайтарып берүү тартиби иштери аяктады.

«Бул сумма толугу менен долбоорго кайтарылды жана Каракол шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушуна жумшалат», - деп баса белгиледи УКМК.

Мурдараак маалымдалгандай, 4-мартта бул каражаттарды кийин банкрот болгон чет элдик банкка чыгарып кетүүгө катыштыгы бар деген шек менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоону жана канализацияны өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Х.Ш.К., кармалган.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх