Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаардык соту үч бир тууган Матраимовду камакка алды

Экөө кылмыштуу кирешелерди адалдоого, үчүнчүсү кызат ордун кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө

Ош шаардык соту Руслан, Исламбек жана Тилек Матраимовдорду камакка алганын “Азаттык” билдирди.

Тилек Матраимов бир айга, Руслан менен Исламбек Матраимовдор эки айга камакка алынган.

Руслан менен Исламбек Матраимовдор кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) шектелүүдө.

Тилек Матраимовго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган. Анын жактоочусу Мамат Шаиевдин айтымында, иш 2019-жылы Кара-Суу районундагы жер алдындагы өтмөктүн курулушуна байланыштуу. Ал кезде Тилек Матраимов аким кызматын аркалаган.

Эске сала кетсек, Райымбек Матраимов 25-мартта Бакуда кармалып, 26-мартта кечинде Бишкекке алынып келинген.
УКМК ага 26-январда издөө салган. УКМК маалыматы боюнча, Райымбек Матраимов жоюлган «Мыйзамдагы ууру» К. Асанбек менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн. Тактап айтканда, Райым Матраимовго карата 169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Бишкекте Азербайжандын 5 жараны - УКМКнын маалыматы боюнча мамлекеттин жогорку кызмат адамдарына кол салуу аракетин даярдап жаткан эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Атайын кызмат алардын Бакуда жүргөн Райымбек Матраимов менен байланышы бар экенин да билдирген.


Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх