Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары менен башкармалыктын башчысын кызматтан алынды

Мындай чечим Улан Ниязбековдун Талас облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгында кабыл алынды

Ички иштер министри Улан Ниязбеков иш сапары менен Талас облусуна барып, аймактык ички иштер органдарынын кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында башкармалыктын башчысы Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, анда РИИБнин райондук, шаардык бөлүмдөрүнүн кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иш-чаралары тууралуу маалымат берилди, жарандар жана коомдук тартипти сактоо талкууланды.

 

Жумушчу сапардын жана текшерүүнүн жыйынтыгында Талас ОИИБдин начальнигинин өздүк курам боюнча орун басары Жаныбек Осмонбеков жана Талас ОИИБнин финансы-экономика бөлүмүнүн (ФЭБ) башчысы Нурлис Жолдошев, ишинде кетирилген кемчиликлери үчүн кызматтарынан алынды.

ИИМдин буйругу менен ИИМдин Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын 4-бөлүмүнүн кызматкери, милициянын подполковниги Азамат Садырбаев Талас облусуна ОИИБдин башчысынын орун басары болуп дайындалды. Ал эми Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары Медербек Усубалиев Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалып, өздүк курамга тааныштырылды.

Сүрөт Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх