Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мигранттар Орусиянын аймагындагы теракттарга катышууга алданып тартылууда

КРнын Эмгек министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

Социалдык тармактар жана Telegram сыяктуу мессенджерлер аркылуу Орусиядагы террордук актыларга катышуу үчүн эмгек мигранттарын, анын ичинде жашы жете элек өспүрүмдөрдү жигердүү тартуу жүрүп жатат. Бул тууралуу КРнын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү эскертти.

«Алар негизинен таанышуу сайттары аркылуу иштешет, ар кандай топтордогу кат алышууларды диний, маданий, улуттук жана башка социалдык өзгөчөлүктөргө карап талдоо аркылуу жабырлануучуларды аныкташат, аялуу адамдарга, депрессияга кабылган же кандайдыр бир кыйынчылыктарга дуушар болгон адамдарга ж.б.у.с. көбүрөөк көңүл бурулат», - деп айтылат билдирүүдө. дейт.

Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгү Орусияда жашап жаткан же убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды ар кандай чагымдарга алдырбоого, социалдык тармактар аркылуу жумушка орношпоого, ар кандай иш-чараларга катышпоого, ошондой эле балдарды көзөмөлгө алууга чакырат. Ошону менен бирге мекеме террордук актка катышуу Россия Федерациясынын кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча өмүр бою эркинен ажыратууга чейин жазаланарын эскертет.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх