Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамал тууралуу эскертүү таратты
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет
Жакынкы сааттарда жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамал болорун ӨКМ эскертет.
Мекемеден билдиришкендей, шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.
Катуу шамал учурунда төмөнкүлөр сунушталат:
- унааларды бак-дарактардын жана жеңил объектилердин жанына коюуга болбойт;
- электр зымдары бар жерлерге жакын барбаңыз;
- көз айнек тагынуу зарыл;
- көрнөк-жарнактардын жанында турбаңыз.
Өзгөчө кырдаалдарда 112 телефонуна чалыңыз.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз