Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто өтүп бара жаткан адамды кемсинткен блогер 5 суткага камакка алынды

Ал майда бейбаштык боюнча күнөөлүү деп табылды

Ошто бейтааныш адамды кемсинткен блогер Нурболот Турганбаев (Саяныч) беш суткага камакка алынды. Мындай чечимди Ош облустук соту чыгарды.

Блогер майда бейбаштык боюнча күнөөлүү деп табылып, сот залында камакка алынды.

Буга чейин блогер Саяныч Ош шаарын кыдырып жүргөн видеосун социалдык тармактарга жарыялаган. Ошол эле учурда Нурболот Турганбаев өтүп бара жаткан бейтааныш кызды жаман сөз менен тилдеген.

Өзгөн районунун 22 жаштагы тургуну анын катышуусундагы видеону социалдык тармактардан көрүп, блогердин үстүнөн милицияга арыз жазган. Блогерге каршы дагы бир билдирүүнү активист Азамат Ормокеев жазды.

Нурболот Турганбаев Бишкектен Ош шаарындагы милиция бөлүмүнө алынып келинип, аны менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлүп, андан соң эл алдында кечирим сураган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх