Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан өлкөнүн жогорку кызмат адамдары үчүн жаңы №1 учак сатып алды - видео

Аэробус 320 учагы бүгүн «Манас» аэропортуна конду

Кыргызстандын президенти жана өкмөттүк делегациялар үчүн жаңы учак сатылып алынды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, Airbus 320 учагы бүгүн «Манас» аэропортуна конду. Аны суу аркасы менен салтанаттуу тосуп алышты.

«Манас» эл аралык аэропортунан учакты Акылбек Жапаров тосуп алды. Ал белгилегендей, өлкө өнүгүү жолуна түшүп, республикалык бюджеттин эсебинен атайын жана аскердик техникалар, алдыңкы медициналык техникалар, коомдук транспорттор сатылып алынат.

«Элибиздин кыргыз жеринде бейпил жашаса деген кыялдары ишке ашышын каалайбыз. Кечээ эле өлкөнүн бюджетинин эсебинен тигил же бул техниканы сатып алууну ойлоно да албасак, бүгүн тик учактарды жана учактарды сатып алып жатабыз. «Кыргыз элин кыргыз жеринде кор кылбайлы» деп президент айткандай, бул биздин негизги милдеттерибиздин бири», - дейт Акылбек Жапаров.

Бюджеттик каражаттардын эсебинен 2002-жылы чыгарылган Airbus A320 учагы алынып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын балансына өткөрүлгөн.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх