Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте катуу шамалдын кесепетинен үч медициналык мекеменин жана 25 турак жайдын чатыры жабыркады

Муниципалдык кызматтар шамаалдын кесепеттерин жоюуну улантууда

Бишкекте болгон катуу шамалдын кесепеттерин түнкүсүн тез арада жоюлганын борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Саат 8:00гө карата төрт райондук администрациядан жана шаардык кызматтардан маалымат келип түшкөн.Маалыматка ылайык, борбор калаада түн ичинде жолдорду тазалоо, кулаган бактарды алуу, үзүлгөн электр зымдарын жоюу боюнча олуттуу иштер жүргүзүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Иш жүзүндө «Бишкексветтин» кызматкерлери линия үзгүлтүккө учураган 8 учурду, ошондой эле башка кесепеттерди жоюшкан. Бригадалардын чыгуусу улантылып жатат. Кечинде шаар толугу менен калыбына келтирилет. Эки потенциалдуу кооптуу тирөөч алынып салынды. №62 мектепте 2 кондиционер алынып салынды.

Ал эми «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан 50дөн ашык көчөнү жууп, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, түнкүсүн катуу шамалдын кесепетинен пайда болгон 5 стихиялуу таштанды таштоочу жай тазаланды. Учурда ишкана жабыркаган аймактарды катуу санитардык тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

«Бишкекзеленстрой» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бир түндүн ичинде 30дан ашык авариялык дарактарды жок кылышты.

 

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча саат 19.00гө карата төмөнкүлөрдүн чатыры бузулган:
Бишкек шаарында үч социалдык мекеме жана 25 турак жай;
Чүй облусунда алты социалдык мекеме жана 15 турак жай.
Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада өзгөчө абал киргизген жарлыкка кол койгон. Ошондой эле Чүй облусунун бардык аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Кечээ шамалдын ылдамдыгы секундасына 26-28 метрге жеткен.

Бишкекте аба ырайынын бузулушунан эки адам - өспүрүм жана аял жабыркады. Алар жаракат алып ооруканага жаткырылды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх