Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте мектептерде жана эл көп чогулган жерлерде коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы мектеп жана бала бакчалардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Тилек Түкөбаев, райондун акиминин орун басары Айнура Арстамбекова, райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Орозалиев жана экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте иш-чара өткөрдү.

«Мектеп окуучуларынын алдын алуу коопсуздугун күчөтүү боюнча чаралар талкууланды. Ошондой эле эл көп чогулган жайларда коопсуздукту күчөтүү маселеси талкууланып, ар бир адам шектүү буюмдарга же шектүү адамдарга көңүл бурушу керектигин эскертишти. Мындай учурда милицияга кабарлоо зарыл», — деп белгилешти РИИБден.

 

Фото: Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх