Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чолпон-Атадагы таштанды полигону тоолорду каптап, туристтерди жиркентүүдө - видео

Кырдаал экологиялык катастрофага алып келиши мүмкүн

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жергиликтүү таштанды төгүүчү жай күн сайын өсүп, экологиялык кырсык коркунучун жаратууда. Бул теманы жергиликтүү тургундар жана активисттер байма-бай көтөрүп, өлкө бийлигине кайрылууга аракет кылышкан.

Блогер Михаил Складниченко дрондон таштанды полигону кандай болоорун жана анын канчалык өскөнүн көрсөттү. Шамал таштандыларды жана баштыктарды жакынкы тоолор аркылуу ташыйт, жайкысын полигондон чыккан жыт туристтер жашаган конуштарга, пансионаттарга жана мейманканаларга чейин жетет.

Михаил бийлике Ысык-Көлдө таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу маселесин тез арада кароого чакырат, антпесе кырдаал экологиялык кырсыкка айланып кетиши мүмкүн.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх