Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусияда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, бир аял каза болду

Сөөктү Кыргызстанга жеткирүү маселеси чечилүүдө

Орусияда кыргызстандык жаран кырсыктан каза болгонун Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, 29-мартта Челябинск-Троицк унаа жолунун 93-чакырымында кыргызстандыктар катышкан жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 51 жаштагы Ж.Г.М. алган жараатынан ошол жерден каза болгон.

 

«Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу каза болгон жарандын жакындары менен байланыш түзүп, керектүү консулдук-укуктук жардам көрсөттү. Учурда сөөктү андан ары жерге берүү үчүн Кыргызстанга алып келүү маселеси каралууда», — деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх