Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чет өлкөдө издөөдө жүргөн кыргызстандыктар кармалды

Экөө тең Кыргызстанга алынып келинди

Оор кылмышка шектелип издөөдө жүргөн кыргызстандыктар чет өлкөдөн кармалганын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, 2015-жылдан бери опузалоо кылгандыгы үчүн издөөдө жүргөн Баткен районунун 1983-жылы туулган тургуну Б.С. Орусиядан кармалган.

Ден соолукка оор залал келтирген деген шек менен 2021-жылдан бери издөөдө жүргөн Ноокат районунун 1992-жылы туулган Н.Б. Казакстандан кармалган.

Кармалгандар Кыргызстанга алынып келинип, тергөө иштери уланууда.

 

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх