Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 17 жаштагы өспүрүмдөр бир күндө эки каракчылык кылышкан

Алар башкалардын үйлөрүнө кирип, ээлерин бычак менен коркутуп тоноп кетишкен

Бишкекте бир катар тоноочулукка шектелип жаш балдар кармалды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 22-март күнү милицияга шаар тургуну кайрылып, 21-мартта Чимкент көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн бирине белгисиз адамдар кирип, учтуу нерсе менен коркутуп, физикалык күч колдонушуп тургундун жашы жете элек уулунан мобилдик банкинг аркылуу өзүлөрүнүн эсебине 5 миң сом котортуп, 55 миң сомдук iPhone 13 телефонун алып качып кетишкен.

Мындан тышкары, милицияга дагы бир жабырлануучу кайрылып, 21-март күнү анын Левоневского көчөсүндөгү үйүнө да белгисиз адамдар кирип келип, учтуу нерсе менен коркутуп, физикалык күч колдонуу менен 22 миң сомдук Redmi Note 13 жана 15 миң миң сомдук Samsung 12А үлгүсүндөгү телефондорун алып кетишкенин билдирген.

Аталган фактылар боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иштери козголгон.

Ыкчам иликтөө кызматкерлери тарабынан уюштуруучу – 2007-жылы туулган А.С. Жалал-Абад облусунан кармалган. Андан соң Бишкек шаарынан 2006-жылы туулган У.С. жана 2007-жылы туулган Ш.Б. кармалып, ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алардын дагы ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталып жатат.

Сүрөттү Борбордук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы таратты

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх